Кыргызстан менен Пакистандан келе жаткан продукция Орусияга киргизилген жок

30.01.2020, 12:45 Акчабар
Кыргызстан менен Пакистандан келе жаткан продукция Орусияга киргизилген жок

18-24-январда Орусиянын Федералдык ветеринардык жана фитосанитардык кызматынын Челябинск облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги өсүмдүк продукциясын киргизип жатканда эки мыйзам бузууну аныкташкан.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган продукция Казакстандын аймагынан келе жаткан, ал эми ичиндеги продукция Кыргызстан менен Пакистандан чыгып, Орусиянын башка аймактарына таратылмак.

Документтерди текшерүүгө алганда, кызматкерлер төмөнкүнү аныктаган:

  • 60 тонна пакистандык мандарини жыгач ящиктерде өткөрүлүп бара жаткан, алардагы марка 2016-жылдын 30-ноябрында №157 Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечиминин 30-токтомуна дал келген эмес. Ошондой эле маркалар алдыңкы ящиктерде гана болгону аныкталган.
  • 23,5 тонна көлөмүндөгү кургатылган жемиштер, жаңгактар, күрүч даны, маш буурчагы чындыкка дал келбеген фитосанитардык сертификат менен өткөрүлүп бара жаткан.

Карантиндик мыйзамдын талаптарына ылайык, жогорку тобокелдиктеги продукцияны өткөрүүгө бөгөт клюлган. Жүк ташуучуларга жүктү кайра кайтарууга эскертүү берилген. Күнөлүүлөр Орусия Федерациясынын Административдик укук бузуулар тууралуу кодексинин 10.2-беренеси, ташып кирүүдөгү бузуулар боюнча административдик жоопкерчиликке тартылды.

Көзөмөл органынын коштоосунда унаалар жөнөтүлгөн жерге кайтарылды.

Тэги: Кыргызстан Пакистан Кыргызстан - Орусия Орусия Челябинск

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть