«Кыргызстан» партиясы №15: «Балага сүйүнчү» 50 миң сомго чейин көтөрөбүз

01.10.2020, 09:00 Акчабар
«Кыргызстан» партиясы №15: «Балага сүйүнчү» 50 миң сомго чейин көтөрөбүз

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан баштап «балага сүйүнчү»төлөө жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, ар бир төрөлгөн балага 4 миң сомдон бир жолу төлөнүүчү «сүйүнчү пул» берилип баштаган. Бул мыйзамдын негизги максаты – балалуу болгон ар бир үй-бүлөнү колдоого багытталган.

2019-жылдын ноябрь айынан баштап, бир эле учурда үч эм же андан ашык бала төрөлгөн үй-бүлөгө, ар бир ымыркай үчүн 50 миң сомдон бериле баштаган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, «балага сүйүнчү» берүү боюнча мыйзам күчүнө киргенден тартып 326 671 адамга «балага сүйүнчү» берилген. Ага мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 459 миллион 995 миң сом сарпталган. Ошол эле учурда, тиешелүү арыз жибербегендиктен 90 617 ата-эне «балага сүйүнчү» алышкан эмес.

«Кыргызстан» саясий партиясы ар бир төрөлгөн балага бериле турган 4 миң сомдук «балага сүйүнчүнүн» көлөмүн жетишсиз деп эсептейт жана аны акырындык менен 50 миң сомго жеткирүү боюнча төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

а) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн айлык кирешеси орточо айлык акыдан төмөн болгон үй-бүлө) 50 миң сом өлчөмүндө «балага сүйүнчүнү» алдын ала кароо;

б) бир эле учурда эки же андан көп бала төрөлгөн учурда 50 миң сом өлчөмүндө «сүйүнчү пул» берүү;

в) үй-бүлөдө (көп балалуу үй-бүлөлөрдө) алтынчы же андан көп бала төрөлгөн учурда, 50 миң сом өлчөмүндө «сүйүнчү пул» берүү.

Мындан тышкары, «Кыргызстан» партиясы «балага сүйүнчүнүн» өлчөмүн акырындык менен 50 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштап жатат, ал жыл сайын мамлекеттик бюджет бекитүү учурунда каралат. Анын минималдуу өсүшү 10% болушу керек.

«Кыргызстан» партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы – жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы!

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020)

Тэги: балага сүйүнчү Кыргызстан партиясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть