Стамбул - Ош аба каттамы ачылышы мүмкүн

10.02.2020, 17:55 Акчабар
Стамбул - Ош аба каттамы ачылышы мүмкүн

5-февралда Кыргызстандын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Турхан менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен ТРнын транспорт жана коммуникация тармагындагы учурдагы мамилелерин жана кызматташуусун өнүктүрүү, тагыраак айтканда, Кыргызстандан Түркияга туташтырылган ташууларды жөндөө, автомобилдик жана аба каттамдарды, санариптештирүүнү, почтаны, электрондук сооданы жана ж.б. өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарабы дагы бир жолу Стамбул-Ош аба каттамдарын кайра улантуу маселесин көтөрдү.

Түрк тарабы эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлүк каттамдарынын, анын алкагында Бишкек-Стамбул аба каттамынын жыштыгын көбөйтүүнү, ошондой эле санариптештирүү, спутник боюнча телеберүү, электрондук соода жана почта тармактарында кызматташууну жөндөөнү сунуштады.

Кыргыз тарабы аталган тармактарда КРнын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен кызматташууну жөндөө боюнча жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен ТРнын Өкмөтү ортосундагы аба каттамдарын орнотуу боюнча келишимине өзгөртүү киргизүү боюнча 2018-жылдын 3-сентябрында кол коюлган Протоколду ратификациялоону тездетүү, ошондой эле Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын (ӨАК) 9-отурумунун алкагында кабыл алынган жана ӨАКтын Иш-аракеттер планында көрсөтүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Тэги: Кыргызстан транспорт министрлик Түркия Стамбул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть