«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаңы жетекчилери дайындалды

22.04.2022, 11:34 Акчабар
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаңы жетекчилери дайындалды

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жамаатына жаңы башкы директорду жана анын орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Медетбек Жумаев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору, анын орун басары болуп Алмасбек Жумакадыров дайындалды. Андан тышкары, Талантбек Шадыканов башкы директордун экономика жана финансы боюнча орун басары, Бакытбек Жакыпов башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары жана Алтынбек Рысбеков башкы директордун капиталдык курулуш жана инвестиция боюнча орун басары болуп дайындалды.

Байгазиев бул дайындоолор республиканын энергетика системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана төрт бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияладын «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка кошулуусу алкагында жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Жаңы башкы дирекцияга учурда акционердик коомдун алдында стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы көмөк чордондорду жана электр берүү чубалгыларын куруу, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, дебитордук карыздарды чогултуу, алдын-ала төлөө системасына этап-этабы менен өтүү, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча негизги милдеттер коюлганын белгиледи.

Тэги: энергетика системасы Талайбек Байгазиев улуттук электр тармагы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть