Кыргызстан Япония менен 2,9 млн долларга алмашуу жана гранттык келишимдерге кол койду

13.08.2020, 13:13 Акчабар
Кыргызстан Япония менен 2,9 млн долларга алмашуу жана гранттык келишимдерге кол койду

Бүгүн Бишкекте, 2021-жылдан 2024-жылга чейинки мезгил аралыгында "Адам ресурстарын өнүктүрүүнүн стипендиялык программасы" (JDS) долбоору үчүн Кыргызстан менен Япониянын өкмөттөрүнүн ортосунда жалпы суммасы 2,9 млн долларга алмашуу келишимдерине жана гранттык келишимдерге кол коюу болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутууга багытталган.

Долбоордун максаты - Япон өкмөтүнөн адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында жардам алган өлкөлөргө колдоо көрсөтүү. JDS мамлекеттик сектордун жаш адистерине Япониянын эл аралык университеттеринде аспирантура жана докторантурада окууга мүмкүнчүлүк берет.

“JDS долбоорунун негизги бенефициарлары болуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, социалдык жана экономикалык өнүгүү пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартылган жаш изилдөөчүлөр саналат. Окутуу мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, экономика, айыл чарба жана экологиялык саясат сыяктуу тармактарда жүргүзүлөт ”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тандоонун бардык баскычтары ачык жарыялануу, жазуу түрүндө сынак, тил сынагы жана комиссия тарабынан тандалып алынган талапкерлер менен маектешүү аркылуу коомчулукка маалымдоо жолу аркылуу жүргүзүлөт. Негизги тандоо критерийи талапкерлердин академиялык жөндөмдүүлүгү.

Тэги: Кыргызстан-Япония адам ресурстары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть