Опубликовано
02.04.2024, 08:42Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 47 миллион евро алышы мүмкүн. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, каражат Ысык-Көл облусундагы жолдун курулушуна жумшалат.
Маалыматка ылайык, каражаттын бир бөлүгү насыя, бир бөлүгү гранттык негизде берилет. Анын негизинде Балбай баатыр – Каракол жолунун участогун куруу пландалууда
. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.