Кыргызстанда 1-апрелден тарта күч түзүмдөрүнүн маянасы көтөрүлбөйт

24.03.2022, 12:31 Акчабар
Кыргызстанда 1-апрелден тарта күч түзүмдөрүнүн маянасы көтөрүлбөйт

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта күч түзүмдөрүнүн маянасы көтөрүлбөйт, бирок социалдык сектордо эмгектенген 309 миң адамдын айлыгы көтөрүлөт​. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча өтүп жаткан жыйынында белгилүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр күч органдарынын, аскер кызматкерлеринин маянасы теңелгенин, азыр социалдык тармакка көңүл бурулуп жатканын айтты.

“Жакынкы арада президенттин жарлыгынын негизинде социалдык сектордо эмгектенген 309 миң адамдын айлыгы көтөрүлөт. Буга мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери кирет. Салык жана Бажы кызматтары коюлган пландарды аткарып жатышат, ушундай темп экинчи жана үчүнчү кварталда сакталса, анда үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлыгын көтөрөбүз деген ниетибиз бар. Кичине чыдап берсеңиздер, 1-сентябрдан эмес, балким 1-августтан көтөрөбүз деген пландар да бар”, - деди Жапаров.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 1-апрелден тартып укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй тургандыгын ачык айтыш керектигин кошумчалады.

Тэги: социалдык сектор күч түзүмдөрү айлык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть