Кыргызстанда бензиндин тартыштыгы жок экени кабарланды

25.09.2023, 10:20 Акчабар
Кыргызстанда бензиндин тартыштыгы жок экени кабарланды

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы жок. Буга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ишендирүүдө.

Ведомстводон эске салышкандай, ушул жылдын 21-сентябрында Россия бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу тыюу салган. Бирок бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичине Кыргызстанга тиешелүү эмес.

"Россияда чектөөлөр киргизилгенден кийин күйүүчү майдын баасы арзандай баштады. Санкт-Петербург эл аралык соода биржасынын маалыматына караганда, 21-сентябрда бензин 5,7%, дизель майы 2,15% төмөндөдү", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: бензин антимонополия Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть