Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.06.2022, 09:15

Быйылкы жылдын алгачкы үч айында жашы жете электерге каршы жасалган 392 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылы ушул эле мезгилде балдарга каршы 409 кылмыш иши ачылган.

392 иштин 95и сотко жөнөтүлгөн.

“Балдарга каршы кылмыштар боюнча сотко жиберилген иштердин саны көбөйдү”, - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Балдарга карата жасалган кылмыштардын көбү Бишкек шаарында – 203. Ош шаарында – 56, Жалал-Абадда – 40, Чүй облусунда – 36, Ысык-Көл облусунда – 23, Ошто – 17, Нарында – 4, Таласта – 7, Баткенде - 6 катталган.

Белгилеп кетсек, бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү.


Читать похожее

  • 12.06.2024, 02:00:12
  • 08.05.2024, 01:20:11
  • 17.04.2024, 21:10:52
  • 26.11.2023, 23:17:57