Кыргызстанда чийки зат катары 616 тоннадан ашык алтын бар

28.02.2024, 11:03 Акчабар
Кыргызстанда чийки зат катары 616 тоннадан ашык алтын бар

Кыргызстанда 100дөн ашык чийки зат бар, аларды иштетүүгө да мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу кыргыз-түрк форумунда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал Кыргызстан түркиялык ишкерлерге инвестиция салуу боюнча бир катар багыттарды атады. Анын айтымында, ишкерлер үчүн Кыргызстанда машина куруу, фармацевтика, тери жана жүндү иштетүү, текстиль, темир иштетүү, электроника, курулушка керектелүүчү заттарды чыгарууга чоң потенциал бар.

“Кыргызстанда 100дөн ашык чийки зат бар. Алсак, 616 тоннадан ашык алтын бар, 851 тоннадан ашык отун энергетикалык чийки зат бар. 5,5 млрд тонна темир рудасы бар", - деди министр.

Ошондой эле, форумда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Кыргызстанда энергетика жаатына инвестиция салууга чоң потенциал бар экенин баса белгиледи.

Тэги: алтын бизнес-форум Кыргызстан-Түркия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть