Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы өтүп жатат

01.04.2022, 10:15 Акчабар
Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы өтүп жатат

Кечээ, 31-мартта Кыргызстанда «Каражатыңды туура колдонуп, жаркын келечегиңе жол сал» («Build your future, be smart about money») деген ураан менен Кыргызстандагы Глобалдуу акча жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Улуттук банкттан кабарлашты.

Ал республиканын бардык региондорунда 7-апрелге чейин өтөт. Жума ичинде Улуттук банк, коммерциялык банктар, мамлекеттик мекемелер, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдар, финансылык сабаттуулук боюнча бир катар жалпы билим берүү иш-чараларын өткөрүшөт.

"Бул- сүрөт тартуу сынагы, акча кутучасы (копилка) сынагы, окутуу семинарлары, коммерциялык банктарга экскурсиялар, ачык эшик күндөрү жана балдар өзүн чыгармачылыгын жана билимдерин көрсөтө алышкан, интерактивдүү иш-чаралар. Сынакка катышкан мыкты эмгектер үчүн баалуу белектер берилет",- деп айтылат маалыматта.

Глобалдуу акча жумалыгынын иш-чаралар күндөлүгү Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана finsabat.kg билим берүү сайтында жайгаштырылган. Иш-чаралар жөнүндө маалыматты Глобалдуу акча жумалыгынын иш-чаралар күндөлүгүнөн таба аласыздар.

Белгилей кетсек, глобалдуу акча жумалыгы (англис тилинде Global Money Week (GMW)) – бул дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлө турган, ошондой эле балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аракеттерине өз салымын кошкон кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын түпкү максаты –балдарга жана жаштарга финансылык билим, тарбия алуу, алардын финансылык туруктуулугун жакшыртуу жана келечекте бакубаттуулугу үчүн акча топтоо маданиятын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

Глобалдуу акча жумалыгы дүйнө жүзүндө 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет. Учурда кампания 53 млндон ашык баланы жана жаштарды камтыйт.

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлө баштаган. 2022-жылы мурдагы жылдардай эле, Улуттук банк Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгын өткөрүүнүн координатору болгон.

Тэги: Global Money Week Улуттук банк финансылык сабаттуулук.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть