Кыргызстанда ИДП 2020-жылдын январь-июнь айларында 5.3 пайызга төмөндөгөн

13.07.2020, 16:55 Акчабар
Кыргызстанда ИДП 2020-жылдын январь-июнь айларында 5.3 пайызга төмөндөгөн

2020-жылдын январь-июнь айларындагы Ички дүң продукциянын көлөмү 228 млрд сомдон ашып, 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 5.3 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитетинин материалдарында айтылат.

«Кумтөр»кенин иштеткен ишканаларды эске албаганда, Ички дүң продукциясынын 2020-жылдын январь-июнь айларындагы көлөмү 196 млрд сомду түзүп, 6.9 пайызга төмөндөгөн.

Белгилей кетсек, өнөр жай продукциясынын 2020-жылдын январь-июнь айларындагы көлөмү былтыркы жылдын окшош убагына салыштырмалуу 0.1 пайызга көбөйгөн. Бул төмөнкү тармактардын өндүрүшүнүн көбөйүшүнүн эсебинен болгон:

  • Фармацевтикалык продукция – 2.4 эсеге;
  • Химиялык продукция – 10.9 пайызга;
  • Пайдалуу жер байлыктарын табуу – 9.8 пайызга;
  • Машиналар жана жабдыктардан сырткары даяр металл азыктарын даярдоо, негизги металлдарды өндүрүү – 9 пайызга.

Терс тенденциялар курулуш тармагында (өндүрүш көлөмдөрү 9.1 пайызга төмөндөгөн), дүң жана чекене соода тармагында (14.9 пайызга) байкалган. Ал эми айыл-чарба тармагында, тескеринче өсүш байкалып, ал 1.6 пайызды түзгөн.

Тэги: ИДП Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть