Опубликовано
28.04.2022, 04:57Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөгөнү байкалды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтында жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, аталган агенттик менен нефтетрейдерлер жүргүзгөн текшерүү учурунда байкалган.
18-апрелге салыштырмалуу күйүүчү майдын литринин баасы 1,6 сомго чейин арзандаган. Алсак, Бишкек шаарындагы май куюучу жайларда майдын баасы төмөндөгүдөй арзандаган:
Белгилей кетсек, жогоруда аталган кызмат тарабынан күйүүчү майга болгон баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында Бишкек шаарындагы жана аймактардагы май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу майлардын бааларына жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.