Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 1,6 сомго чейин арзандады

28.04.2022, 10:57 Акчабар
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 1,6 сомго чейин арзандады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөгөнү байкалды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтында жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, аталган агенттик менен нефтетрейдерлер жүргүзгөн текшерүү учурунда байкалган.

18-апрелге салыштырмалуу күйүүчү майдын литринин баасы 1,6 сомго чейин арзандаган. Алсак, Бишкек шаарындагы май куюучу жайларда майдын баасы төмөндөгүдөй арзандаган:

  • Газпром нефть: АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 40 тыйынга арзандап, 63,1 сомду түзүүдө. АИ-95 маркасындагы бензиндин баасы 50 тыйынга арзандап, 60 сомду түзгөн.
  • Бишкекпетролеум: АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 80 тыйынга (62,5 сомду түздү), дизель майы 1 сомго (62,5сомду түздү) арзандаган.
  • Red Petroleum: АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1 сомго (62,9 сомду түзүүдө), АИ-95 маркасындагы бензин 90 тыйынга (66 сомду түзүүдө) жана дизель майы 1,6 сомго (62,9 сомду түзүүдө) арзандады.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган кызмат тарабынан күйүүчү майга болгон баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында Бишкек шаарындагы жана аймактардагы май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу майлардын бааларына жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.

Тэги: май куюучу жайлар күйүүчү майдын баасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть