Кыргызстанда күйүүчү майдын орточо баасы өстү

25.03.2024, 10:20 Акчабар
Кыргызстанда күйүүчү майдын орточо баасы өстү

Кыргызстанда марттын ортосуна карата АИ-95 маркасындагы бензиндин орточо баасынын литри 70,22 сомду түздү. Март айынын эки жумасында аталган маркадагы күйүүчү майдын баасы 0,71 сомго же 1,02%га кымбаттады.

АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы аймактарга жараша өзгөрөт. Учурда Каракол шаарында өтө кымбат. Аймакта АИ-95тин литри 74 сомдон сатылууда. Бул баа 20-февралда коюлуп, андан бери өзгөргөн эмес.

Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү автоунаага май куюуга эң арзан жер Кербен жана Кара-Суу шаарлары. Бул шаарларда күйүүчү майдын литри 68 сомдон сатылууда. Андан сырткары, Кербен шаарында 1-февралдан баштап литри 68,5 сомдон арзандады. Ал эми Кара-Сууда 6-марттан бери 0,1 сомго кымбаттады.

Эске салсак, буга чейин “Акчабар” март айынын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы 0,7 сомго/литрге бир аз кымбаттаганын жана нефтетрейдерлердин маалыматына караганда, баалар 1-апрелге чейин кымбаттабай турганын жазган.

Тэги: АИ-95 күйүүчү май бензин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть