Кыргызстанда кыска мөөнөттүү дагы төрт бала бакча ачылды

09.04.2024, 12:15 Акчабар
Кыргызстанда кыска мөөнөттүү дагы төрт бала бакча ачылды

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү дагы төрт бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бала бакчалардын үчөө Чүй облусунун Жайыл районунда жана бирөө Москва районунда жайгашкан. Алардын бири 50 балага ылайыкталса, калган экөө 200 бөбөктү камтый алат.

Бул жерде үч сааттык программа сунушталат, бирок уктоо жана тамак берүү каралган эмес.

Белгилеп кетсек, өлкө боюнча жалпысынан 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу пландаштырылууда. Анын алкагында 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Тэги: бала бакча билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть