Кыргызстанда кызматтык унааларды сатып алууга алууга тыюу салынды

01.03.2022, 09:25 Акчабар
Кыргызстанда кызматтык унааларды сатып алууга алууга тыюу салынды

Бүгүн, 1-марттан тарта мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

1-марттан тартып министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана башка органдарга кызматтык унааларды сатып алууга жана бюджеттик каражаттардын эсебинен административдик имараттар менен кызматтык жайларда капиталдык ремонтту өткөрүүгө тыйу салынат.

Мындай аракеттер Кыргызстандын президентинин чыгымдарды оптимизациялоо жөнүндөгү жарлыгынын алкагында жасалууда.

“Финансы министрлигине бул багыт боюнча көрүлө турган чаралардын программасын иштеп чыгуу тапшырылган. Мында бюджеттик каражатты 2022-2023-жылдарга карата эффективдүү колдонуу маселеси дагы камтылган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: Финансы министрлиги кызматтык унаа маморгандар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть