Кыргызстанда лицензия алуу үчүн маалымат базасы иштелип чыгат

08.12.2023, 09:27 Акчабар
Кыргызстанда лицензия алуу үчүн маалымат базасы иштелип чыгат

Швейцария Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте уруксаттарды жана лицензияларды тез алуу үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат базасын (elicense.gov.kg) иштеп чыгууда. Бул тууралуу Кыргызстандагы Швейцариянын элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, өлкөдө бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү жана инвестициялык климат боюнча системалуу реформаларды ишке ашыруу менен долбоор жеке сектордун өсүшүнө жана жумуш орундарынын көбөйүшүнө салым кошот.

“Швейцария Элчилигинин командасы ачыктыкты жогорулатуу жана бизнес үчүн санариптештирүү инструменттерин колдонуу боюнча мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы диалогго катышты. Иш-чара Швейцариянын колдоосу менен IFC тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандагы инвестиция жана өнүгүү” долбоорунун алкагында уюштурулду”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: лицензия Швейцария маалыматтык база

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть