Кыргызстанда маркумдардын денесин өрттөөгө уруксат берилди

29.02.2024, 17:25 Акчабар
Кыргызстанда маркумдардын денесин өрттөөгө уруксат берилди

Кыргызстанда каза болгон адамдардын cөөгүн атайын жайларда (крематорийлерде) өрттөөгө уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам долбоорун 2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алган. Ага ылайык сөөк айрым жагдайларда өрттөлөт, тактап айтканда:

  • адам өзү сөөгүн өрттөө жолу менен акыркы сапарга кетүүнү чечсе;
  • керээз калтырса;
  • киши абакта каза болсо;
  • жубайы, жакын туугандары же башка туугандары болбогон маалда жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөрдү өрттөөгө уруксат берилет.

Мындан сырткары өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан, түшүнүксүз этиологиядагы инфекциядан каза болгон маркумдардын сөөгүн өрттөөгө болот.

“Сөөктү жайга коюунун тигил же бул ырым-жырымын сактоо менен маркумдардын денелерин отко берүүнү (кремациялоо) атайын адистештирилген кызматтар – крематорийлер аткарат. Алар сөөктөрдү өрттөп, күлүн жерге көмөт. Крематорийлер атайын бөлүнгөн жерлерге курулуп, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Крематорийди чарбачыл субъекттер, жеке тараптар ача алат”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: кремация маркумду акыркы сапарга узатуу маркум өрттөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть