Кыргызстанда орус рублинин курсу төмөндөөдө

24.02.2022, 12:48 Акчабар
Кыргызстанда орус рублинин курсу төмөндөөдө

Кыргызстандын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруучу жайлары орус рублин арзан сатып алууда. Тагыраак айтканда, бир рубль 0,70-0,90 сомдон сатылып алынса, 1,06-1,070 сомдон сатылууда.

“Кыргызстан коммерциялык банкында”, “Керемет банкында” жана “Кыргыз инвестициялык кредит банкында” рублдин сатып алуу курсу 0,70 сомдун тегерегинде, сатуу 1,07 – 1,09 деп белгиленген.

Ал эми Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында рублдин курсу 80-85 тыйындын тегерегинде кармалып турат.

Ошол эле учурда Улуттук банкта рублдин расмий курсу 1, 0545 сомду түздү.

Белгилей кетсек, Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу орус рублинин курсу түшүп баштаган.

Тэги: орус рубли сом. Кыргызстан Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть