Кыргызстанда пенсия 200-500 сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө

03.03.2022, 14:35 Акчабар
Кыргызстанда пенсия 200-500 сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев Кыргызстанда пенсия 200-500 сомго чейин көбөйүшү күтүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымына караганда, бул үчүн 700 млн сом каралган.

“Пенсияны көтөрүү боюнча министрлер кабинетине сунуштарыбызды бердик, азыр алар каралып жатат”, - деди Алиев.

Ошондой эле жыйында жалпы пенсияга чыгуунун жаш курагын көтөрүү пландаштырылбаганы айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга алат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Социалдык фонд тарабынан 7280 жаранга пенсия чектелген. Ал эми 2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 714,6 миң адамды түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 26,4 миң адамга көбөйгөн. Ошондой эле өткөн жылы пенсияга керектелген 50 819,4 млн. сом толугу көлөмдө каржыланып,. 2022-жылдын 1-январына арата пенсия төлөө боюнча карыздар жок.

Тэги: пенсия. Жогорку Кеңеш Соцфонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть