Кыргызстанда төрөт жана өлүмдү санарип каттоо системасы ишке кирди

12.04.2022, 15:10 Акчабар
Кыргызстанда төрөт жана өлүмдү санарип каттоо системасы ишке кирди

Бишкектин медициналык мекемелеринде адамдын турмуштук абалын каттоонун санариптик системасы “Медициналык күбөлүк” ишке кирди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул система ар бир адамдын төрөлүшүн, баланын жана эненин негизги көрсөткүчтөрүн, ошондой эле ден соолук жана төрөт боюнча башка маанилүү маалыматтарды борборлоштурулган онлайн түрүндө каттоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, система бекитилген дүйнөлүк классификаторлорго ылайык себептерин көрсөтүү менен адамдын өлүмү фактысын борборлоштурулган каттоого, адамдын турмуштук абалын каттоону толугу менен санариптештирүүгө, ошондой эле тиешелүү документтерди бирдиктүү форматта берүүнү борборлоштурууга мүмкүндүк берет.

Белгилеп кетсек, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык маалымкат кагаз жүзүндө берилип, аны ЗАГСка тапшырып, анын негизинде жарандык абалдын актыларына тиешелүү жазуулар киргизилип, маалымкаттар берилчү. Эми “Медициналык күбөлүк” системаны ишке киргизүүнүн экинчи этабында Саламаттык сактоо министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлигинин “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен бирдикте “Түндүк” системасы аркылуу маалыматтарды автоматтык түрдө ЗАГСка чейин берүүнү уюштурууну пландаштырууда.

Кошумчаласак, Жарандар маалымкаттарды чогултуунун кереги жок, маалыматтар электрондук түрдө түздөн-түз тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет, муну менен жарандар керектүү документтерди тиешелүү системалардан ала алышат.

Тэги: медицина төрөт өлүм санарип система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть