akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.11.2023, 09:40

    Сентябрь айында кыргызстандыктар тез которуу системалары аркылуу чет өлкөгө 35,2 миллион доллар которгон, бул бир ай мурункуга салыштырмалуу 7,6% аз. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

    Аталган каражаттын 32,3 миллион доллары Орусияга жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандан бул өлкөгө акчанын агылып чыгышы 1 миллион 800 миң долларга кыскарган, республикадан алыскы чет өлкөлөргө которуулар да 1 миллион долларга кыскарган.

    Пайыздык төмөндөө 32,3% түздү. Бул аталган мамлекеттерге которулган акча агымынын аздыгына байланыштуу (жалпысынан 2,1 млн. доллар). Атап айтканда, акча которуулар Түркияга 2,9 млн доллардан 1,9 млн долларга же 34,5%га кыскарган.

    Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Кыргызстандан жеке жактардан 360,1 миллион доллар сыртка чыгып, анын 294 миллион 780 миң доллары Орусияга кеткен.


    Читать похожее

    • 08.12.2023, 03:56:58
    • 14.11.2023, 03:40:38
    • 14.09.2020, 22:45:49