Кыргызстандыктар былтыр 20 миңге жакын орус паспортун алышкан

26.01.2022, 17:00 Акчабар
Кыргызстандыктар былтыр 20 миңге жакын орус паспортун алышкан

Былтыр Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны эки эсе көбөйдү. Мындай маалыматты Kaktus.media аталган мамлекеттин миграция боюнча маалыматына таянып жазды.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан 2021-жылы жарандары эң көп орус паспортун алган өлкөлөрдүн арасында тогузунчу орунда турат.

Орус паспортун алгандардын саны боюнча биринчи орунду украиндер (376 миң), экинчини тажиктер (103,7 миң), үчүнчү орунду казакстандыктар (49,9 миң) ээледи. Андан кийин Армения, Өзбекстан, Азербайжан, Беларусь, Молдова жана Кыргызстандын жарандары турат.

Тэги: паспорт жарандык Орусия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть