Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    24.02.2020, 09:30

    Кыргызстандын жарандары 2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын грин-карт (Green card) лотереясына катыша алат. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

    Лотереяга катышуу үчүн коюлган талаптар так аткарылышы керек.

    Бирок грин-карт утуп алгандар АКШга кандай жол-жобо менен кире турганы так жазылган эмес.

    31-январда АКШ президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген.

    АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мунун себебин Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүргөн.

    Кыргызстанда биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон.


    Читать похожее

    • 24.02.2020, 03:30:24