Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 16-октябрга карата 119 млрд 432 млн 432,3 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
13-октябрга салыштырмалуу 118 млрд 885 млн 432,3 миң сомдон 547 млн сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү 7 жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду. Аукцион 13-августта өткөн.
Кошумчалай кетсек, алгач Каржы министрлиги бюджетке 1,1 млрд сом тартууну пландап, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Натыйжада башкармалык аны 547 млн сомго канааттандырды. Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 16,2%ды түздү.