akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.02.2022, 03:15

    Быйылкы жылдын январына карата республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз. Билим берүү министрлигинен маалым болгондой, алардын эң көбү же 305 мугалим Чүй облусундагы мектептерде тартыш.

    Ал эми Бишкекте – 191, Баткен облусунда – 142, Ош облусунда – 112, Ысык-Көл облусунда – 78, Жалал-Абад облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 12, Ош шаарында – 9 мугалим жетишсиз.

    Бишкек шаарында математика мугалимине көбүрөөк суроо-талап бар, башкача айтканда, 24 киши керек. Баткен облусунда көбүнчө музыка мугалимдери жетишсиз же 37 музыка мугалими керек, Жалал-Абад облусунда – 16 орус тили мугалими, Нарын облусунда – 6 физика мугалими, Ош облусунда – 19 музыка мугалими, Чуй облусунда – 42 орус тили мугалими, Ысык-Көл облусунда – 14 орус тили мугалими тартыш.

    Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө республикада 82 миңден ашуун мектеп мугалими бар.

    
     

    Читать похожее

    • 14.08.2024, 21:30:23
    • 14.08.2024, 00:40:33
    • 13.08.2024, 00:40:04
    • 06.08.2024, 22:30:45