Кыргызстандагы мектептердин 56 пайызына 24 миңден ашуун компьютер берилет

17.02.2022, 13:50 Акчабар
Кыргызстандагы мектептердин 56 пайызына 24 миңден ашуун компьютер берилет

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 1200 мектеп (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдыктарды жана техникалык каражаттарды берет.

Ар бир мектепке берилүүчү компьютердик жабдыктардын жана техникалык каражаттардын топтомуна төмөндөгүлөр кирет: 20дан компьютер, 6дан проектор, 2ден тармактык коммутатор (хаб), 1ден көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS (үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу жабдыгы).

Жалпы республика боюнча 24 миң 168 даана компьютер, 7 миң 208 даана проектор, 2 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет. Мындан сырткары, ар бир мектептеги компьютердик класстарга компьютер үчүн 15тен стол, 15тен стул жана системалык блок үчүн 15тен тумба берилет.

Учурда тендер жарыяланып, сатып алуу процессине байланыштуу, тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө. 1200 мектеп жана 8 педагогикалык колледжге техникалык жабдыктарды 2022-жылдын октябрь айында тапшыруу пландалууда.

Тэги: билим берүү компьютер санарип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть