Кыргызстанга акча которуулар кыскарды

18.12.2023, 12:30 Акчабар
Кыргызстанга акча которуулар кыскарды

Ушул жылдын январь айынан сентябрына чейин Кыргызстанга 1 миллиард 437 миллион 590 миң доллар которулганын Улуттук банк билдирди.

Бул жеке жактар которгон каражат. Акчанын басымдуу бөлүгү — 1 миллиард 304,7 миллион доллары Россиядан түшкөн.

Белгилеп кетсек, 2022-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстанга 2 миллиард 211,6 миллион доллар которулган. Быйылкы сумма 774 миллионго аз. Өткөн жылкы акча которуулар негизинен рекорд койгон.

Которулган каражатты "мигранттардын акчасы"деп коюшат, бирок башка транзакциялар да эске алынат. Каражат түрдүү валютада келип түшүп, алардын доллардык эквиваленти көрсөтүлөт.

Тэги: акча которуу Улуттук банк мигрант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть