akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.04.2022, 07:30

    АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея эл аралык майыптар укуктары боюнча атайын кеңешчи Сара Минкара менен 11-16-апрель күндөрү Кыргызстанга келет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, сапардын алкагында эки тараптуу жана глобалдык маселелер боюнча кызматташтыкты арттыруу жана демократиялык институттардын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулат.

    Катчынын орун басары ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, сөз эркиндиги жана Кыргызстандын жалпы калкы, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн болгон адам укуктары маселесин талкуулайт.


    Читать похожее

    • 18.07.2024, 03:11:38
    • 04.06.2024, 22:50:04
    • 23.05.2024, 22:28:13
    • 16.05.2024, 04:30:36