Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 333,3 млн долларды түздү

05.08.2020, 14:56 Акчабар
Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 333,3 млн долларды түздү

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 333 миллион 300 миң долларды түзөт. Анын ичинен 260 миллион 200 миң доллары бюджетке, 44 миллион 100 миң доллары Милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу коронавируска каршы күрөшүүгө жана 29 миллион доллар экономиканы колдоого багытталды. Мындай маалыматты бүгүн, 5-августа Өкмөт үйүндө өткөн брифингде финансы министринин орун басары Абдыбалы Тегин Суеркул билдирди.

Анын айтымында, 20 миллиард 448 миллион сомдун (260 миллион доллар) 7,9 миллиард сому учурда резервде турат. Өз кезегинде, бюджеттик колдоо үчүн 12 миллиард 467 миллион сом сарпталды:

  • саламаттыкты сактоо, билим берүү, аскер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөөгө - 7 млрд 169,1 млн сом;
  • социалдык муктаждыктар үчүн салымдар түрүндө - 860 млн. сом;
  • пенсияларды төлөө үчүн Социалдык фондго чегерүүлөр түрүндө - 2 млрд 309,7 млн ​​сом;
  • жергиликтүү бийлик органдарына трансферттерди теңдештирүүдө - 160,8 млн.
  • социалдык камсыздандыруу, социалдык жардам үчүн жөлөкпулдарды төлөөгө - 2 млрд 48,3 млн сом;
  • стратегиялык резервдерди толуктоого, дан сатып алууга, Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна - 240,1 млн. сом;
  • тамак-аш азыктарын жана окуу китептерин сатып алууга - 169,4 млн. сом.

ММКны колдоо үчүн 44 миллион 104,6 миң доллар бөлүнгөн:

  • ЖТК сатып алуу жана жеткирүү үчүн - 5 млн 397,3 доллар;
  • дезинфекциялоо каражаттары - 1 миллион 305,9 доллар;
  • лабораториялык реагенттерди сатып алууга - 73,8 миң доллар;
  • дары-дармектерге - 8 миллион 166,3 миң доллар;
  • медициналык буюмдарды сатып алууга - 11,8 миң АКШ доллары;
  • 1 миллион 503,3 миң долларга механикалык желдетүүнү (10 даана), BIPAP (50 даана), ЭКГ (3 даана), бейтаптын мониторун (40 даана) жана башкалар сатып алууга;
  • үй буюмдарын сатып алууга - 20,2 миң АКШ доллары;
  • тез жардам унааларын сатып алууга - 764,9 миң доллар;
  • дарыгерлерге эмгек акы жана компенсацияларды төлөө үчүн - 24 млн 952,3 миң доллар;
  • азык-түлүк товарларын сатып алууга - 1 миллион 526,9 миң долларга;
  • оңдоп-түздөө иштерине - 381,7 миң АКШ доллары.

Тэги: Кыргызстанга жардам Бюджет жана финансы коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть