Кытай «Эркечтам» жана «Торугарттан» автотранспорттордун өткөрүү көлөмүн жогорулатууга даяр

02.12.2020, 09:35 Акчабар
Кытай «Эркечтам» жана «Торугарттан» автотранспорттордун өткөрүү көлөмүн жогорулатууга даяр

Кыргызстан «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттарынан автотранспорттордун көлөмүн жогорулатуу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзө алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь белгилегендей, кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна ылайык, ошондой эле премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң, бир катар кеңешмелер өткөрүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча кытай тарап жумушчу убакытты 8ден 12 саатка чейин жогорулатуу, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пунктун күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүү сунушталган.

Маалыматка ылайык, мындан ары бир сутка ичинде 30 машинага чейин өтүшү мүмкүн. Андан сырткары, кытай тарап «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктуна эки кампа куруу жана контейнер үчүн кран орнотуп берүү чечимин кабыл алган.

«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштеши аба-ырайынан дагы көз-каранды жана коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн атайын кабыл алынган чечимге ылайык, ошондой эле өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдүн өтүүсүнүн өзгөчө алгоритми менен түздөн-түз байланыштуу.

Маселенин ыкчам чечилиши үчүн Артем Новиков Кытайдын Элчисине ыраазычылыгын билдирди.

«Биз тараптан бардык тийиштүү кызматтар кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүлөт. Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу пандемия учурунда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизээрине ишенем. Товарларды ташууну уюштурууда бардык тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чаралар сакталат», - деп белгиледи Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту боюнча Өкмөттүн Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнө кытай кесиптештери менен ВКБ режиминде аталган пункттун ишин биргелешкен режимге өткөрүү боюнча кезектеги жолугушууну өткөрүүсү тапшырылды.

Тэги: кытай тарап

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть