Кытай коронавирус менен АКШ, Европаны алдап, триллиондогон долларларды таптыбы?

28.02.2020, 14:30 Акчабар
Кытай коронавирус менен АКШ, Европаны алдап, триллиондогон долларларды таптыбы?

Кытай АКШ менен Европаны алдап, коронавирустан триллиондогон долларды тапты. Бул тууралуу америкалык NASDAQ баалуу кагаздар боюнча Улуттук диллер ассоциациясынын автоматташтырылган котировка кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасы амалкөйлүк менен экономиканын кызыктуу стратегиясын колдонуп, бардык өлкөнүн көңүл чордонунда болуп, аз күндүн ичинде дээрлик 20 млрд доллардан ашык каражат тапкан. Кошумча жеке монополиядан 30 % жакын үлүшүн кайтарып алган.

«Си Цзиньпин Евразия союзу менен Американы амалкөйлүк менен чочута алды», - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин технологиялык компаниялардын акциялары чет элдик инвесторлорго, америкалыктарга жана европалыктарга тиешелүү болгон. Демек оор жана химиялык өнөр-жайлардан түшкөн кирешелер Кытайдын казынасына эмес, Европага түшүп турган. Уханда башталган окуяга байланыштуу юандын курсу тез арада төмөндөп кеткен. Бирок, курстун төмөндөшүнө карата Борбордук банк эч кандай чара колдонгон эмес. Андан башка Кытайдын коронавирус менен күрөшүүгө медициналык беткабы жок деген сөздөр тарай баштаган.

Бул сөздөр жана Си Цзиньпиндин Ухандагы калкты коргоого даярмын деген билдирүүсү, кытайдагы технологиялык компаниялардын акциядагы бааларын төмөндөтүүгө жол берген. Буга байланыштуу, европалыктар акциялардын баасы төмөндөп кеткичекти, шашылыш түрдө сатыкка коюшкан.

Си Цзиньпин акциялар сатыкка коюлгандан кийин, бир апта өткөн соң гана сатып алууга буйрук берген. Себеби, бул учурда акцияга болгон баа бир кыйла төмөндөгөн эле.

Качан гана «финансы акулалар» (европалыктар жана америкалыктар) кытайлардын бул амалкөйлүгүн түшүнгөндө гана баара кеч болуп калган. Бул учурда бардык акциялар Кытай Эл Республикасынын колуна өткөн. Кытай бул күндөрү дээрлик 20 млрд доллардан ашык каражат иштеп таап, андан сырткары өзүнүн компаниясынын акцияларын өздөрүнө кайтарып ала алышты. Эми техника менен химиядан түшкөн киреше чет жакка кетпей Кытайда гана калат. Юандын курсу өзүнөн өзү жогорулайт ал эми аны колдоого Кытай бийлиги эч кандай алтын валюталык запастарды колдонбойт. Ал эми европалыктар техника жана химия өндүрүшүнөн кирешеси жок калышты. Акцияларга мындай амалкөйлүк менен ээ болуу, буга чейинки бир дагы биржа фондунун тарыхында болгон эмес.

Мындай аналитиканы жүргүзгөн NASDAQ - (Насдак) баалуу кагаздар боюнча Улуттук диллер ассоциациясынын автоматташтырылган котировка кызматыжогорку технологиялык компаниялардын (электроник өндүрүүчү, программалык камсыз кылуучу ж.б.) акцияларына адистештирилген америкалык биржа. 2006-жылдан бери NASDдын бөлүгүнө кирбейт SEC аркылуу көзөмөлдөнөт жана АКШнын эң башкы үч фондулук биржасынын (NYSE жана AMEX менен тең келген) курамына кирет. Биржанын ээси- америкалык NASDAQ OMX Group ишканасы. NASDAQтан сырткары ага дагы сегиз европалык биржа таандык.

Тэги: Кытай коронавирус Европа Америка акция биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть