Кытай коронавирустан жапа чеккен мамлекеттерге 2 млрд доллардан бөлүп берет

19.05.2020, 09:00 Акчабар
Кытай коронавирустан жапа чеккен мамлекеттерге 2 млрд доллардан бөлүп берет

Жакынкы эки жыл аралыгында Кытай коронавирустан жапа чеккен мамлекеттерге 2 млрд доллар өлчөмүндөгү акча каражатын жардам катары бөлүп берет. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 73-сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь билдирди. Муну менен кытай COVID-19 менен күрөшүүдөгү эл аралык кызматташтыкты турукташтырууну көздөөдө.

Кытай башчысынын айтымында, сөз биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жөнүндө болууда. БУУ менен биргеликте Пекин Кытайдын аймагында эпидемияга каршы жеткирүүлөр менен камсыз кылуучу гуманитардык склад жана хаб ачат. Аларды алып чыгуу үчүн «жашыл бажы коридору» уюштурулат. Си Цзиньпин белгилегендей, коронавируска каршы иштелип чыккан кытай вакциналары дүйнө жүзүнө жеткиликтүү болот.

Төрага анын өлкөсү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун Кытайдагы коронавирустун жайылышы тууралуу так жана таза маалымдагандыгын баса белгиледи.
Апрель айынын башында Bloomberg өз булактарына шилтеме берүү менен Америка чалгын кызматынын маалыматын тараткан, анда Кытай эпидемиянын масштабынын чыныгы көлөмүн жашырып жаткандыгы айтылган. Кийинчерээк АКШ президенти Дональд Трамп БУУну Кытайга карап жатат деп айыптаган. Трамп уюм каржыларынын басымдуу бөлүгүн Америкадан алганы менен анын жүргүзгөн саясаты бул фактыга дал келбей жаткандыгына көңүл бурган.

Тэги: Кытай пандемия коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть