Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.04.2020, 05:30

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР президенти Си Цзиньпин менен 14-апрелде телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду.​

[news 20985]

Анда Жээнбеков инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну Кытайдын президентине сунуш кылганы белгилүү болду.

[news 17234]

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 31-январына карата Кыргызстандын Кытайдын экспорт-импорт банкына болгон мамлекеттик карызы, жалпы тышкы карыздын ичинен 1 млрд 794.06 млн $ же 46.3% түзгөн.

Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров буга чейин билдиргендей, бюджеттин түйшүгүн азайтуу үчүн республиканын тышкы карызын реструктуризациялоо жана узартуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.


Читать похожее

  • 20.10.2020, 21:45:55
  • 13.09.2020, 22:00:36
  • 14.04.2020, 23:30:48
  • 24.02.2020, 02:02:15