Опубликовано
15.04.2020, 05:30Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР президенти Си Цзиньпин менен 14-апрелде телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду.
[news 20985]
Анда Жээнбеков инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну Кытайдын президентине сунуш кылганы белгилүү болду.
[news 17234]
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 31-январына карата Кыргызстандын Кытайдын экспорт-импорт банкына болгон мамлекеттик карызы, жалпы тышкы карыздын ичинен 1 млрд 794.06 млн $ же 46.3% түзгөн.
Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров буга чейин билдиргендей, бюджеттин түйшүгүн азайтуу үчүн республиканын тышкы карызын реструктуризациялоо жана узартуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.