Кытайлык инвесторлого Ат-Башыдан 176 гектар жер ижарага берилет

16.01.2020, 12:03 Акчабар
Кытайлык инвесторлого Ат-Башыдан 176 гектар жер ижарага берилет

Ат-Башы районунда жайгашкан ЭЭА «Нарынга» тийиштүү, 176 гектар жер аянты чет элдик инвесторлорго ижарага берилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Инвестицияларды алга жылдыруу агенттигинин директору Адылбек Шумкарбек уулу Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.



Аталган жер аянты буга чейин ЭЭА «Нарындын» жоопкерчилиги астында ижарага берилген. Кытайлык чет элдик инвесторлорго ижарага берүү үчүн уруксат берилди. Аталган аймакка өнөр-жай-логистикалык борбору курулат.

«Учурда бул жерде эч кандай объектилер жок. Ошондуктан инвестор инфраструктура менен камсыз кылуусу керек. Аталган борбор үч багытта: индустрия, соода жана логистика боюнча иш алып барат. 200 гектар жердин ичинен 176 гектар «Нур Строй Монтаж» компаниясына ижарага берилет, калган 24 гектар жер башка компанияга берилет. Инвестициянын жалпы суммасы 280 миң долларды түзөт», - деп билдирди ал.

Ведомствонун жетекчиси, бул сүйлөшүүлөр 2017-жылдан бери бир гана кытайлык компаниялар менен эмес, араб жана турциялык компаниялар менен дагы жүргүзүлүп келе жатканын кошумчалады.

Тэги: кытайлык инвестор аянт жер ижара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть