2020-жылдын январында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 2,3 пайызды түзгөн

16.02.2020, 11:28 Акчабар
2020-жылдын январында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 2,3 пайызды түзгөн

2020-жылдын январында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 2,3 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

[news 21152]

Ал эми 2019-жылдын январындагы өсүш 1,3 пайызды түзгөн. Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 4,6 пайызды түзгөн. Ошону менен бирге чекене сооданын өсүшү (автомобилдерди жана мотоциклдерди сатуудан тышкары) 2,4 пайыздык көрсөткүчкө жеткен.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 2020-жылдын январында 6,4 пайызга көбөйдү (2019-жылдын январына 6,3 пайызга өскөн).

Почталык жана чабармандык иш кызматтары 2020-жылдын январында 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,1 пайызга көбөйдү, байланыш кызматтары 1,3 пайызга төмөндөдү, тарифтик кирешелер 1 687,7 млн. сомду түздү.

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2020-жылдын январында 1,5 пайызга өстү. Транспорттун бардык түрлөрү тарабынан ташылган жүктөрдүн көлөмү 3,1 пайызга көбөйдү (2019-жылдын январында 1,2 пайызга өскөн).

Тэги: кызмат көрсөтүүчү чөйрө 2020 - жыл январь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть