Казакстан дары-дармек өндүрүүнү эки эсе жогорулатат

21.09.2020, 15:50 Акчабар
Казакстан дары-дармек өндүрүүнү эки эсе жогорулатат

2025-жылга чейин Казакстан экспорт жана дары-дармекти өндүрүүнү эки эсе жогорулатууну пландоодо. Бул тууралуу индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн жыйынында маалымдады.

Ал белгилеп кеткендей, дары дармекти 116 млн долларга чейин өндүрүү пландалууда.

Андан сырткары фармацевтикалык тармакты эки эсеге, 92 млрд теңгеден (218.6 млн доллар) 184 млрд теңгеге (437.7 млн доллар) көбөйтүү күтүлүүдө.

«100 млн долларга бааланган 10 жаңы өндүрүш ишканаларын ишке киргизүүнү камсыз кылабыз, алар 1000 жаңы жумушчу орундарын түзүү менен дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын 80 жаңы түрүн (51 дары-дармек жана 29 медициналык буюм) өндүрөт», — деп айтты министр.

Бир түрлүү беткаптар күнүнө 1 млндон 2 млнго чейин өндүрүлөт. Келе жаткан 2021-жылдын I кварталында коргонуучу костюмдардын саны 1 млнго чейин жеткирилет.

Тэги: Казакстан экспорт дары-дармек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть