akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    27.04.2022, 03:30

    Иш-чара 2022-жылдын 8-11-июнунда Ысык-Көлдүн жээгинде Россия, Кыргызстан, Казакстан, Белоруссия жана Армениянын расмий өкүлдөрү, каржылык уюмдар жана компания өкүлдөрүнүн катышуусу менен болот. Бул тууралуу соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

    Аталган бизнес-миссия “Лизинг-Евразия” эл аралык ассамблеясынын алкагында, “Лизинговый союз” уюму, Орусиянын СӨПнүн каржылык-өнөр жай жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши, Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле, Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулууда.

    Анда лизинг боюнча кыргыз-орус конференциясы, санарип трансформация (төлөм системаларынын жаңы өнүгүү багыты, электрондук коммерция ж.б.) жана “жашыл экономика” боюнча отурумдар, ошондой эле, практикалык бөлүмдөр, анын ичинде “Лизинг алуучунун мектеби” өтүп, анын катышуучулары лизингде өз ара аракеттенүү, субсидиялар, төлөмдөр ж.б. суроолор боюнча практикалык кеп-кеңештерди алышат. В2В жолугушуулар дагы пландалган.

    Белгилепе кетсек, буга байланыштуу 19-апрелде Соода-өнөр жай палатасында бизнес-миссияга катышууга жана лизингди өнүктүрүүгө кызыктар, негизги фонддорго инвестицияларды пландап жаткан өлкөнүн жеке ишкерлери менен жолугушуу өткөн.


    Читать похожее