Өлкөдө 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт

06.09.2021, 16:20 Акчабар
Өлкөдө 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт

Учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт. Бул тууралуу бүгүн муфтий Замир Ракиев президент Садыр Жапаров менен жолукканда белгилүү болду.

Анда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, өлкө элинин биримдигин чыңдоо маселелери талкууланды.

"Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл", — деди Жапаров.

Жапаров коркунучтардын алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Өз кезегинде Замир Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.

Тэги: дин муфтий мусулмандар Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть