Өлкөдө 130 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

11.03.2022, 12:37 Акчабар
Өлкөдө 130 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Бүгүн, 1-мартка карата 131 миң 781 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 114 миң 976 – электрондук түрдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тапшыргандардын ичинен 47 миң 931 юридикалык жак, 45 миң 267 жеке ишкер, 15 миң 867 жеке жак, 4738 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 17 миң 978 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер,

– менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери,

– юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Тэги: салык кызматы Бирдиктүү салык декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть