Опубликовано
07.08.2024, 09:40Кыргызстандын калкты тейлөө борборлорунда KPI системасы киргизилет. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.
Анын айтымында, бул системанын аркасында жарандар КТБнын кызматкерлерине баа бере алышат.
“Айдын аягында мыкты кызматкерлерге кошумча материалдык стимулдар төлөнөт”, - деди ал.
Ошондой эле, бөлүм башчы бул системанын артыкчылыгы кадрларды эффективдүү башкаруу, ресурстарды үнөмдөө, тандоо убактысын кыскартуу, административдик чыгымдарды кыскартуу жана жалпысынан башкаруунун сапатын жогорулатуу экенин белгиледи.
Белгилеп кетсек, "Кey performance indicators" - максаттарга жетүү даражасын же процесстин оптималдуулугун өлчөөгө жардам берген көрсөткүч, атап айтканда: эффективдүүлүктү жана натыйжалуулукту өлчөйт.