Өлкөнүн тышкы карызы 5 млрд доллардан ашты

10.03.2022, 17:50 Акчабар
Өлкөнүн тышкы карызы 5 млрд доллардан ашты

Ушул жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы, ички) 5 млрд 137,36 млн долларды (435 млрд 643,97 млн сом) түздү. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинен:

  • 83,5% мамлекеттик тышкы карыз: 4 млрд 290,26 млн АКШ доллары (363 млрд 810,45 млн сом);
  • 16,5% мамлекеттик ички карыз: 847,10 млн АКШ доллары (71 млрд 833,52 млн сом).

2022-жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы, ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 3 млрд 520,9 млн сом бөлүнгөн, анын ичинен:

  • мамлекеттик тышкы карыз боюнча - 1 млрд 664,9 млн сом;
  • мамлекеттик ички карыз боюнча - 1 млрд 856 млн сом.

Тэги: карыз ички карыз Каржы министрлиги Тышкы карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть