Май куюучу жайларда сатылган бензинге салык киргизүү сунушталууда

03.10.2023, 14:40 Акчабар
Май куюучу жайларда сатылган бензинге салык киргизүү сунушталууда

Транспорт министрлиги май куюучу жайларда сатылган ар бир литр күйүүчү майга салык киргизүүнү сунуштоодо.

Чогултулган каражат жол оңдоого жумшалат. Ведомство Кыргызстанда автоунаалардын саны жыл сайын өсүп, мындан улам жолдун үстүнкү катмары тез эле эскирип жатканын белгилейт.

Маалыматка ылайык, трассаларды стандарттуу коопсуз абалда кармоо үчүн жылына 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет.

Тэги: бензин салык транспорт министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть