Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

15.02.2022, 15:12 Акчабар
Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Кыргызстандагы жолугушуулардын жүрүшүндө ушул жылдын май айында Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумун уюштурууну талкуулады. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды.

Кыргыз тарап форумдун талкуу программасынын долбооруна жана бизнес бөлүгүнө өз сунуштарын киргизди. Программалык комитеттин жетекчиси катары Сергей Глазьев кабыл алуучу тарапка ЕЭКтин сунуштары, ошондой эле форумду уюштуруу жана программаны толтуруу боюнча комиссиянын алдыдагы иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.

ЕЭК министри өлкөнүн президенти – Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – өкмөттөр аралык кеңештин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин биринчи орун басары – ЕЭК кеңешинин төрагасы – Арзыбек Кожошев менен жолукту.

Тэги: Бишкек шаары ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть