Максат Мамытканов Финансы полициясынын иши менен таанышты

27.01.2021, 17:30 Акчабар
Максат Мамытканов Финансы полициясынын иши менен таанышты

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Финансы полициясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн малымдашты.


Мамытканов экономикалык кылмыштуулук жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, аны ачыктоо жана ага жол бербөө иретинде жаңыча мамиле зарыл экендигин белгиледи.



«Коомчулукта финполиция кызматы коррупциялашкандыгы, ал эми анын кызматкерлери өз кызматтык абалдарынан колдоно тургандыгы тууралуу пикир орногон. Бирок бул пикирди өзгөртүүгө учур келип жетти. Биз өлкө тарыхындагы ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен «саясий кереметке» жетиштик, эми «экономикалык кереметке» жетишүү мезгили келди. Аны ишке ашыруу ар-бирибизден көз-каранды. Күч-аракетибизди 100% жумшап, жаңы деңгээлге чыгуубуз керек. Сиздердин жардамыңыздар менен бардык коррупционерлер коом итерген персоналарга айлануусу тийиш. Кооррупциялык көрүнүштөргө терс караган коомдо гана өнүгүп-өсүү орун алат», - деп белгиледи ал.



Максат Мамытканов 10 күндүк мөөнөттө мамлекеттин экономикалык коопсуздугун, коомдун, ишкер субьектилеринин жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча ишти жакшыртуу боюнча сунуш берүүнү тапшырды.

Тэги: Финансы полициясы Максат Мамытканов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть