Мамкызматкерлерди электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутуу аяктады

28.04.2022, 15:30 Акчабар
Мамкызматкерлерди электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутуу аяктады

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөт башчыларын “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутуу аяктады. Өкмөттөн билдиришкендей, президенттин мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү процессин тездетүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында маалыматтык-окутуу тренингдер өткөрүлдү.

Ушул жылдын 25-27-апрелинде өткөн окууга жалпысынан 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышып, тренинг облустук жогорку окуу жайлардын жана Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир эле учурда өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүү боюнча автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты.

Тэги: тренинг мамкызматкер электрондук документ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть