akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    01.04.2022, 06:58

    Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ун комбинаттарынын, өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

    Жолугушууда Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү агроөнөржай секторунун ролун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

    Ал министрлер кабинети тарабынан агрардык секторду мамлекеттик колдоого алуу, жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо аркылуу агроөнөржай кластерлерин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

    «Негизги 9 айыл чарба кластерине 10 млрд сом бөлүнгөн. Мамлекеттик банктар жылдык 6 пайыз менен кредиттик каражаттарды бере баштады», - деди Төрөбаев.

    Жолугушуунун жүрүшүндө агроөнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

    Айта кетсек, жолугушууга 20 ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты.


    Читать похожее

    • 01.04.2022, 00:58:08