Опубликовано
26.02.2020, 05:402019-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин дефицити 2018-жылга салыштырмалуу 5 млрд 599.8 млн сомго азайган. Бул тууралуу «Акчабарга» республиканын финансы министрлигинен кабарлашты.
Белгилей кетсек, 2018-жылы бюджеттин дефицити 7 млрд сомго жакын болгон.
2019-жылдын жыйынтыгы менен бюджеттин тартыштыгы 432 млн 307.7 миң сомду түзгөн.
Эксперт билдиргендей, бюджеттин дефицитин ички булактар аркылуу каржылоо каралат:
- мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн кирешелер;
- КР өкмөтүнүн эсебинен калган;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн;
- бюджеттик насыяларды кайтаруу.
Финансы министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2019-жылы 9 млрд 289,2 млн сомго дефицит жабылган, анын ичинен ички булактар аркылуу каржылоо - 6 млрд 344.2 млн сомду түзгөн.